24-ноябрда: Айрым жерлерде жаан жаайт
- 4 часа мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 24-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшөт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7+12, күндүз +15…+20;
Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;
Баткен облусунда +6…+11…, күндүз +16…+21;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-4, күндүз +6…+11;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +9…+11, күндүз +16…+18.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




