25-ноябрда: Айрым жерлерде жаан жаайт
- 2 часа мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 25-ноябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көлдө 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18;
Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-3, күндүз +5…+10;
Бишкек шаарында түнкүсүн +7…+9, күндүз +16…+18.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




