Лейлектеги жоокерлер менен тургундар аралашкан мушташ боюнча териштирүү башталды  

  • 11 месяцев мурун

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Мурас айылында жергиликтүү тургундар менен жоокерлер аралашкан мушташ Аскер прокуратурасында катталып, териштирүү башталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожидин Камалов кабарлады. Ал бул окуянын чоо-жайы тууралуу кенерек маалымат кийинчерек берилерин билдирди.

Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев мушташ турмуштук чырдан, бир-эки адамдын айынан чыкканын, кырдаал жөнгө салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн «Азаттыкка» билдирди.

Мунун алдында социалдык тармактарда Лейлектеги мушташ тартылган видеолор тараган. Журналист Тургунбай Алдакуловдун ырасташынча, мушташ ошол жердеги дүкөнчү менен андан карыз алып жүргөн аскер кызматкерлеринин биринин ортосундагы араздашуудан улам тутанган.

«Ошол жердеги айрым аскерлердин жүрүм-туруму, жергиликтүү тургундарга жасаган мамилесинен улам нааразылык топтолуп калган экен» деген Алдакулов.

Коргоо министрлиги ага караштуу аскер бөлүктүн жоокерлери аралашкан окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Булак: «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты