Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү башталганын билдирген мезгил кутусу салынды

  • 4 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Таш-Булак участогунда Кыргызстандагы эң ири титаномагнетит кени – Кызыл-Омполдун өздөштүрүлүшүнүн башталышын билдирген мезгил кутусун орнотууга катышты. 

МинКаб башчысы бул баалуу ресурсту өздөштүрүү мамлекет тарабынан колго алынып, долбоорду каржылоо булактары аныктала турганын баса белгиледи. 

«Бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү окуя. Кызыл-Омпол кенинде миллиондогон тонна титомагнетит бар. Титан — медицинада, авиацияда жана астронавтикада, ар кандай тармактарда колдонулган баалуу металл. Бул тармакты өнүктүрүү экспорттун көлөмүн гана көбөйтпөстөн, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет, бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берет» деди Акылбек Жапаров. 

Акылбек Жапаров ошондой эле кенди иштетүүдө экологиялык таза мамиленин маанилүүлүгүн белгилеп, титаномагнетитти алууда уран, торий өңдүү кошумча пайдалуу кендерди коопсуз казып алууну камсыз кылуучу технологиялар колдонуларын белгиледи. Бул элементтер эл аралык коопсуздук стандарттарын катуу сактап ташылары айтылды. 

Президент Садыр Жапаров уран жана торий кендерин казып алууга тыюу салуу мыйзамын жокко чыгаруу мыйзамына кол койду. Бул тууралуу 27-июнда президенттин сайтына жарыяланды.

Жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен Кыргызстандын аймагында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө мыйзам күчүн жоготту деп табылды.

13-июнда Жогорку Кеңеште уран жана торий кендерин казып алууга тыюу салуу мыйзамын жокко чыгаруу мыйзам долбоору кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп,  Кызыл-Омпол кенин мамлекет иштетүүнү пландап жатканын айткан.  Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

Бир катар укук коргоочулар, окумуштуулар жана экологдор уран казууга уруксат берген мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, төрт ай мурда кайрылуу жасаган.

Орусиялык блогер Анастасия Ахметова буларды айткан:

«Орусиялык политолог, Евразиялык аналитикалык клубдун башчысы Никита Митковичтин инсайдердик маалыматы боюнча, Ысык-Көлдөгү уран кенин иштетүү укугун Ротшильддердин француздук кланы эңсеп жатат Ал клан Улуу Британия ТИМи жана чалгынынын колдоосуна ээ. Ушундай кызматташтык үчүн Кыргызстандын өкмөтү уранды жаратылышы коргоого алынчу жерде да уруксат берүүнү пландап жатат. Ротшильддер ошондой эле Кара-Балта тоо-кен комбинатын иштетүүгө да көз артып турат. Сүйлөшүүлөрдү премьер-министр Акылбек Жапаров жүргүзүп жаткандыгын эксперт белгилейт, бирок негизги лобби кылган адам Улуу Британиядагы мурдагы элчи Эдил Байсалов болуп эсептелет».

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран темасы боюнча чет элдик блогер Анастасия Ахметованын айткандарына мындайча жооп берген.

-Өзүн Орто Азия боюнча  эксперт санаган Анастасия Ахметова аттуу жаран сыртта отуруп алып кыргызстандыктарга акыл үйрөтүп, чындыкка дал келбеген маалыматтар менен элди козутуп, ортого чагым салуу аракетин көрүүдө. Бул блогер айым Кыргызстанда уранды иштетүүгө британиялык белгилүү Ротшильддердин  үй-бүлөсү аралашууда, анын натыйжасында кыргыз бермети болгон Ысык-Көлүбүздү жок кылып алабыз деген сыяктуу жалган маалыматты токуп чыгыптыр,-деди президент.    

Президент буларды кошумчалаган:

«Сөз болгон жерде урандын үлүшү — 0,17 гана пайыз. Ал жерде негизги кен–титаномагнетит, титаномагнетитти алып кетсек, уран да тазаланып калат. Тескерисинче курамы аз болсо да өмүр бою урандан тазаланып алабыз. Ысык-Көлгө сиз күйбөй эле коюңуз, Анастасия айым, Ысык-Көлгө кыргыздар, биз өзүбүз күйөбүз, өзүбүз сактап алабыз. Талапка ылайык, ал жерде рекультивация иштери жүрөт, кендин өзүндө дагы, өлкөбүздүн аймагында дагы эч кандай уранды байытуу иштери жүргүзүлбөйт» деди президент.         

Мындан беш жыл мурда Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө активисттер каршы чыгып, кен казуу иши токтотулган. Кызыл-Омпол уран кенин иштеткен «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын имараттары, техникалары атайын мөөр менен бекитилген.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты