Баткенде шахтада ууланган кенчи куткарылды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 21-майда,  Сүлүктү шаарындагы “Райымберди” шахтасында газ чыгып, жабыркагандар бар экендиги тууралуу саат 10:19да «102» кызматынан кабарланган.

Ага ылайык, саат 10:20да өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик взводунан жалпы 12 куткаруучу тартылган.

Аталган шахтага ыкчам жетип барышкан куткаруучулар 45 жаштагы А.Т.А аттуу кенчини куткарып, ГС-10 аппаратын кошуу менен биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө жетишкен. Кенчинин абалы туруктуу.

Куткарылган жаран Тез жардам кызматына өткөрүп берилген соң, шахтанын ичинде чалгындоо иштери жүргүзүлүп, шахтада башка кенчилер жок экендиги аныкталган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты