Кызамык эмделбеген балдар арасында жайылып жаткандыгы айтылды

  • 4 недели мурун

Кызамык дартынын күч алышынын негизги себеби эмдөөдөн өткөндөрдүн көрсөткүчү талаптагыдан төмөндүгү, Бишкекте адамдардын 95% вакцина алышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 69 %ды түзөт.

Бул тууралуу16-январда саламаттык сактоо министрлигинин көчмө ыкчам штабынын жыйынында айтылганын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.  

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык дартынын 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган. 2025-жылдын башынан бери 229 жаңы учур, анын ичинде Бишкек шаарында 144 учур катталды.

Оорунун күч алышынын негизги себеби – эмдөөдөн өткөндөрдүн көрсөткүчү талаптагыдан төмөндүгү, Бишкекте адамдардын 95% вакцина алышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 69 %ды түзөт.

2024-жылы өлкө аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган. 2025-жылдын башынан бери 229 жаңы учур, анын ичинде Бишкек шаарында 144 учур катталды.

Кызамык оорусунун андан ары жайылышын алдын алуу үчүн саламаттык сактоо министрлиги 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында эмдөө боюнча өнөктүктү улантууда. Бирок эмдөөдөн баш тарткандардын айынан бул иш кыйынчылыктар менен коштолууда. Ушул себептен улам олуттуу эпидемиологиялык тобокелдиктер бар, себеби вирус эмделбеген балдардын арасында жайылып жатат.

Кызамыкка каршы күрөшүү боюнча алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү чечими кабыл алынды.

Оорунун жугуштуулук деңгээли жогору. Вирус жуктурап алган адамдын денесинде кызыл бүдүрчөлөр пайда болгонго чейинки 4 күн жана пайда болгондон кийинки 4 күн ичинде жугуштуу болот.

Ал аба жана шилекей аркылуу инфекцияланган адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же жөн эле дем алганда жугушу мүмкүн. Оорулуу адам менен бир бөлмөдө болуу, буюмдарды чогуу колдонуу, кол алышуу, кучакташуу, өбүшүү — мунун баары ооруну жуктуруп алуу коркунучун жогорулатат. Инфекцияланган адам бөлмөдөн чыгып кеткенден кийин да сиз өзүңүздү коопсуз сезе абайсыз. Анткени вирус 2 саат бою абада кала берет жана бул убакыт ичинде таасирин жоготпойт. 

Оорунун белгилери

Алгачкы симптомдор илдетти жуктуруп алгандан кийин 8-12 күндүн ичинде пайда боло баштайт. Айрым учурда 21 күндөн кийин билинген учурлар да жок эмес. Негизги белгилери төмөнкүлөр:

— Дененин табы көтөрүлөт (38°C-40°C чейин көтөрүлүшү мүмкүн);

— Мурун агуу жана чүчкүрүү;

— Көздүн кызарышы жана сезгениши (конъюнктивит);

— Кургак жөтөл;

— Булчуңдардын ооруксунуусу;

— Ооздун ичинде кичинекей ак тактардын пайда болушу;

— Денеде, өзгөчө бетте жана моюнда кызыл-боз түстөгү майда бүдүрлөрдүн пайда болушу. Бул бүдүрлөр бир нече күндөн кийин бүт денеге жайылат.

Кызамыктын жайылышы, белгилери жана алдын алуу жолдору тууралуу кененирээк бул шилтемеде.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты