Кыз ала качууга шектүү экөө кармалды
- 4 недели мурун
Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) кызматкерлери тарабынан кыз ала качууга шектүү экөө кармалды. Шектүүлөр кыздын колдорун скотч менен ороп, унаанын жүк салуучу жерине салып, ала качууну көздөшкөн.
Бул тууралуу Чүй ОИИБ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 16-майда Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына 1995-жылы туулган А.А. кайрылган, ал М.А. жана белгисиз дагы бирөөнө чара көрүү арызы менен кайрылган. Шектүүлөр 16-майда болжол менен саат 19:25те Сокулук районунун Бишкек – аэропорт “Манас” айланма жолунда арыз менен кайрылган кыздын колдорун скотч менен ороп, машинанын жүк салуучу жерине салып,ала качып кетүүнү көздөшкөн.
Бул факты Сокулук ИИБ тарабынан кылмыш кодексинин 165-беренеси, адам уурдоо беренеси менен каттоого алынган.
Тергөө учурунда А.А. 1999-жылы туулган М.А. аттуу жаран менен мамилелеш болгону аныкталган, ал айтылган күнү, 16-майда, досу, 2000-жылы туулган Р.И. менен бирге кыз жашаган жерге келип, унаага салып, Бишкек- аэропорт “Манас” жолу менен баратканда, А.А. менен М.А. уруша кетип, ал кызга кол көтөргөн. Андан кийин Р.И. менен бирге кыздын колун байлап, машинанын жүк салчу жерине салып ташташкан.
17-майда кыз ала качууга шектүү экөө кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына камалган. Соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, унаа айып жайына токтотулган.
Сүрөт: Чүй ОИИБ басма сөз кызматы