Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия оюндары өтөт

  • 8 месяцев мурун

23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында төрт жылда бир өткөрүлүп келген Азия оюндары өтөт.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кабарлады.
Мелдеш Азия өлкөлөрүнүн спортчулары арасында өтүп, ага 40тан ашуун өлкө катышат.
Аталган оюндарга Кыргыз Республикасынан – 230дан ашык киши барат. Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү бар.
Азия Оюндарынын программасына жалпы 42 спорттун түрү киргизилген, анын ичинен кыргызстандык спорчтулар 23 спорттун түрүнөн катышат. Алар: бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш түрлөрү (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөшү, грек-рим күрөшү), карате, фехтование, жеңил атлетика, каное жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, , кибер спорт, джиу-джитсу, баскетбол, көркөм гимнастика, футбол, кураш.
Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Джакарта шаарында өтүп, улуттук курама команда 2 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медаль жеңген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты