Кытайдын 39 жаранын Бишкектеги курулушта мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кытайдын 39 жаранын Бишкек шаарында курулуп жаткан объектилердин биринин аймагында мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысын аныктады.

УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, аталган чет өлкөлүктөр КР аймагында жүргөндө туристтик визанын негизинде мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзүшкөнү такталган.

КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, чет өлкөлүктөр ички иштер органдарына чет өлкөлүк жарандар тарабынан КРда болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруунун же транзиттик жүрүүнүн эрежелерин бузгандыгы жөнүндө протоколдорду тариздөө үчүн административдик айып салуу менен алынып келинген.

КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренесине ылайык,  курулуш компаниясынын жетекчилигине белгиленген өлчөмдө айып салуу менен КР чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу жөнүндө протокол жазылган.

Кытайдын 39 жаранын Бишкектеги курулушта мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты