Кытай Кыргызстандын көз карандысыздыгын коргоо саясатын бекем колдоорун билдирди

  • 2 года мурун

«Кытай Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоо боюнча саясатын бекем колдойт” деп билдирди Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 73 жылдык конференциясында.  

Элчи президент Садыр Жапаровдун кышкы Олимпиаданын ачылышына катышканын жана Кытайдын төрагасы аны менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөнүн белгиледи.   Эки өлкөнүн башчылары биргелешкен билдирүү менен чыгып кыргыз-кытай мамилелеринин жаңы баскычтарын белгилеген.

Июль айынын аягында Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Ван И Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Бул Кытай жетекчилигинин Садыр Жапаров президент болгондон берки биринчи сапары болчу. Өткөн жумада Кытай төрагасы менен Кыргызстандын президенти ШКУ саммитинин алкагында эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөн жана маанилүү макулдашууларга жетишкенин билдирди элчи Ду Дэвэнь.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты