Кытай элчилиги кыргызстандык студенттер үчүн «жашыл коридор» ачты

  • 2 года мурун

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги бул өлкөгө барып окуй турган кыргызстандык студенттердин виза алуусуна жеңилдетилген шарт түзүп жатканын элчи Ду Дэвэн Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов менен жолугушууда айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 26-августта маалымдагандай, элчи кытай тарап кайрадан Кыргызстандан студенттерди кабыл ала баштаганын, 25-августтан 30-сентябрга чейин элчиликте алардын виза алуусу үчүн «жашыл коридор» ачылып жатканын билдирди.

Кыргызстандык жаштар Кытайдын жогорку окуу жайларында мамлекеттик программалар аркылуу да, жеке долбоорлор аркылуу да барып окуп жүрүшөт. Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку жылдары студенттер карантиндик чектөөлөрдөн улам Кытайга кирүүдө кыйынчылыктарга туш болууда.

Сүрөт: EPA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты