Кытай бүтүндөй калкын тыңчылыкка каршы иш-чараларга тартууга ниеттенүүдө

  • 12 месяцев мурун

Кытай тыңчылыкка каршы күрөшкө өлкөнүн бүткүл калкын тартууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Кытайдын Мамлекеттик коопсуздук министрлиги WeChat аркылуу билдирди.

«Контрчалгындоо улуттук коопсуздук органдарынын гана иши эмес, шпиондукка каршы линияны күчөтүү үчүн калктын кеңири катышуусу талап кылынат» деп айтылган билдирүүдө.

Министрлик чыккынчылык жөнүндө кабарлаган же контрчалгындоо ишине олуттуу салым кошкон адамдарды жана уюмдарды белгилөөнү жана сыйлык берүүнү сунуштайт. Мындан тышкары мектептерде, маданият мекемелеринде, радио, телевидение жана интернетте «чыккынчылыкка каршы» пропаганданы жайылтуу зарылдыгын талап кылууда.

Кытай бийлиги «жарандар жана уюмдар улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган жүрүм-турум жөнүндө кабарлай турган каналдарды кайра түзүү керек» деген пикирде.

Министрлик өз сунушун Кытайда 1-июлдан тартып күчүнө кирген тыңчылыкка каршы мыйзамга ылайык жарыялады. Ага караганда, бардык мамлекеттик органдар, армия, саясий партиялар жана коомдук уюмдар, ишканалар менен мекемелер «улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тыңчылыкка жол бербөөгө жана бөгөт коюуга милдеттүү».

АКШ менен Европа өлкөлөрү Кытайды тыңчылыкка жана өкмөт менен корпорациялардын инфраструктурасына кол салууга айыптап келет. Өз кезегинде Бээжин дагы АКШ Кытайдагы университеттер менен компаниялардын компьютерлерин бузуп жатат деген дооматын айтып жүрөт.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты