Кытай автобустары алынып келинди. «Белести» неге алышпады?

  • 1 год мурун

Кытайдан 120 автобус сатып алынып келди. Бул автобустар газ менен жүрөт.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасында билдирди. «Борбордук аянтта Бишкектин тургундары үчүн жакшы жаңылык болгону турат. Бул Кытайдан 120 жүргүнчү ташуучу автобустардын сатылып алынып келиши. Ал автобустар газ менен жүрөт» деп билдирди ал.

Ошондой эле  Султанбаев жергиликтүү “Белес” компаниясы да унутта калтырылбаганын белгиледи.

«Учурда «Эмнеге чет жактан алабыз, атамекендик «Белес» компаниясынын автобустарын алса болбойбу» деген пикирлер да бар. Аталган жергиликтүү компания унутта калтырылган жок. «Белес» менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш унааны сатып алуу меморандумуна кол койгон. Аталган компания азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык таза транспортко (газ жана электроэнергия менен жүргөн) артыкчылык берүүдө. Анын үстүнө, учурда «Белес» компаниясында массалык түрдө, 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, учурда «Белес» компаниясы газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат, андан соң мэрия компаниянын автобустарын сыноо үчүн алат» деди Султанбаев.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор шаарга жаңы автобустар 15-декабрга чейин келээрин билдирген.

«Жаңы автобустар эл аралык талаптарга жооп берет, экологиялык жактан таза — газ менен жүрөт,  жапыз, узундугу 10,5 метр жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарттар түзүлгөн. Автобустар шаардык бюджеттин эсебинен сатылып алынат» деди мэр.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты