Бишкекке 15-декабрга чейин жаңы автобустар келет

  • 1 год мурун

Бишкекке жаңы автобустар 15-декабрга чейин келет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

«Жаңы автобустар эл аралык талаптарга жооп берет, экологиялык жактан таза — газ менен жүрөт,  жапыз, узундугу 10,5 метр жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарттар түзүлгөн. Автобустар шаардык бюджеттин эсебинен сатылып алынат», — деди мэр.

Мындан тышкары мэр кийинки аптадан тарта борбордо мектеп автобустары каттай баштаарын билдирди.

Пилоттук режимде борбордогу 5 мектепти: №13, 29, 28, 69 жана 70 мектептерди камтыйт.

Белгилей кетсек, долбоорду жеке жүргүнчүлөрдү ташуучу компания ишке ашырууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты