Кыргызстанга унаа кузовун алып кирүүгө убактылуу тыюу салынды

  • 6 дней мурун

Министрлер кабинети “Кыргыз Республикасына автотранспорттун кузовун ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтом кабыл алды.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.  

Бул чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, автотранспорт каражаттарын сатып алуу процессинин айкындуулугуна жана ак ниеттүү транспорт ээлеринин укуктарын коргоого багытталган.

«Акыркы жылдары өкмөт көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү жана мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча активдүү чараларды көрүп жатат. Бирок чет өлкөлөрдөн жасалма документ жана мамлекеттик номурлар менен унааларды алып келүү фактылары көбөйдү. Мындан тышкары, тиешелүү документтик далилдерсиз автотранспорт каражаттарынын кузовун мыйзамсыз алмаштыруу фактылары катталып, бул бажы төлөмдөрүн төлөбөй ташылып келинген автоунааларды легалдаштырууга алып келген” деп айтылат маалыматта.  

Кабыл алынган токтомдо алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизүү каралган.

Сүрөттө: Унаа кузову. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты