Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын жетекчилери жолугушту

  • 1 год мурун

21-сентябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев  жана Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматынын жетекчиси Раджобали Рахмоналинин жолугушуусу болуп, анда тараптар биргелешкен билдирүү кабыл алышты.  

Анда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экендиги белгиленди.

Эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилери чек арадагы абалды жөнгө салуу үчүн өз учурунда көрүлө турган чараларды күчөтүү керектигин белгиледи.

Чек ара тилкесинде ар кандай окуялар болуп кетпеши үчүн чек арадагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишине объективдүү баа берилди. Жумушчу комиссиясынын туруктуу негизде жолугушуусу максатка ылайыктуу экени айтылды.

Тараптар мамлекеттик чек араны аныктоо маселеси мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация  боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иши экендигин баса белгилешти.  

Эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилери жалпыга маалымдоо каражаттарын, ошондой эле бул тармактар боюнча иш тапшырылбаган адамдарга кандайдыр комментарий берүүдөн оолак болуп, эки өлкөнүн  ортосунда жаңжалга шыкак болуп кетпөөгө чакырды.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты