Кыргызстандын 23 жараны Орусиядан сот чечими менен чыгарылганы турат  

  • 12 месяцев мурун

Екатеринбургда, чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борбордо Кыргыз Республикасынын 13 жараны жана Первоуральск шаарында 10 жаран Орусиянын аймагынан административдик түрдө чыгаруу үчүн соттун чечимдеринин күчүнө киришин күтүүдө.

Екатеринбурдагы башкы консулдуктун кызматкерлери Екатеринбург жана Первоуральск шаарларындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборлорго 29-30-мартта барып андагы кыргызстандыктардын кармоо жайынын шарттары менен таанышты. Мекенине кайтып келүү үчүн документтерди даярдоо боюнча консультациялар өткөрүлдү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз борбору билдирди.

Сүрөт: КР ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты