Кыргызстанда жаңы жыл түнү 322 бала төрөлдү
- 1 месяц мурун
Кыргызстанда жаңы жыл түнү же 2024-жылдын 31-декабрынан 2025-жылдын 1-январына саат 8:00 гө карата 322 бала төрөлдү, анын 170и уул жана 152си кыз.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
56 энеге “кесарево жолу” операциясы жасалды.
2025-жылдагы биринчи наристе саат 00:01де Бишкек перинаталдык борбордо 3 кг 100 грамм келген уул, ошол эле учурда Ысык-Атада 2 кг 930 грамм келген кыз төрөлдү.
Саат 00:02 де Кара-Суу районунда салмагы 3 кг 735 грамм келген уул төрөлдү.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү