Кыргызстанда кармалган орусиялык активисттердин абактагы мөөнөтү узартылды

  • 9 месяцев мурун

Кыргызстанда камакка алынган эки орусиялык активист Алена Крылова менен Лев Скорякиндин абактагы мөөнөтү узартылды.

Бул тууралуу «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Марат Кыдыров «Азаттыкка» билдирди.

Соттун чечими менен алар 4-сентябрга чейин №1 убактылуу тергөө абагында (СИЗО-1) кармалат. Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондук соттору Атайын кызматтын (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Крыловага жана Скорякинге карата эстрадициялык камакка алуу чарасын колдонгон.

Орусиялык активисттерге карата сот чечими июлдун башында чыкканын мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 27-июлда кабарлады.

Июндун башында Бишкекте камакка алынган эки орусиялык активист башпаанек сурап Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине расмий кат тапшырган.

Аталган министрлик алардын өтүнүчү каралып жатканын белгиледи.

Орусиядагы “Адам укуктары үчүн” кыймылынын мурдагы маалымат катчысы, бул өлкөдө экстремисттик деп табылган “Солчул каршылык” кыймылынын катышуучусу, мекенинде “экстремисттик бирикме түзгөн” деген негизде кылмыш иши козголгон саясий активист Алена Крылова 4-июнда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде кармалган.

6-июнда Бишкек шаардык сотунун чечими менен тергөө абагына 4-июлга чейин камакка алынган.

Орусиялык “Солчул блок” кыймылынын активисти Лев Скорякин Бишкекте 9-июнда кармалган.

6-июнда согушка каршы активист Алексей Рожков Кыргызстандан Орусияга экстрадиция кылынган, ал мекенинде аскердик комиссариаттын имаратына өрт койгон деп шек саналууда.

Орусиялык саясий активист Алена Крылова Бишкекте жаңы колдонула баштаган адамды жүзүнөн таануучу камеранын жардым менен табылганы кабарланган.

Июнь айында Кыргызстан, Казакстан жана Орусия менен жеке маалыматтарды алмашуу боюнча макулдашууну колдогон. Бийлик бул документ мигранттардын маселесин жеңилдете турганын айтса, жарандык коом мунун арты менен аңдуулар, тоталитардык аракеттер күч алышы мүмкүн деп кооптонуусун билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты