Кыргызстанда банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жогорулайт

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Улуттук банкы уставдык жана өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнө талаптарды жогорулатуу маселесин карайт.

Расмий маалыматка караганда, Улуттук банк өлкөдөгү валюталар курсунун тездик менен өзгөрүп жатканына байланыштуу кайра түзүлгөн жана иштеп жаткан банктар, чет өлкөлүк банктардын филиалдары үчүн уставдык жана өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнө талаптарды баскыч-баскычы менен жогорулатууну караштырып жатат.

Башкы каржы көжөмөл мекемесинин сайтындагы маалыматта бул кадамга банк системасынын туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо, ар кандай экономикалык кырдаалда ички таасирлерге каршы турууда банк системасынын ийкемдүүлүгүн жана жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында барып жатканы айтылат.

Улуттук банктын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү боюнча жаңы талаптарга болжолдуу сандык багыты бир млрд сом болуп саналат, мында системалуу мааниге ээ банктар үчүн талаптардын өлчөмү көрсөтүлгөн суммадан жогору болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты