Кыргызстанда бүгүн — аза күтүү күнү

  • 2 года мурун

9-сентябрь Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу мамлекет башчынын жарлыгы чыккан.

Тажикстандын агрессиясынын айынан мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жарандарыбыз курман болду.

Каза болгондорго терең кайгыруу менен аза күтүп, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кабыл алынды.

  • Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 19-сентябры улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын;
  • Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн;
  • маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын,-деп айтылат токтомдо.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 18-сентябрь саат 22:00гө карата жаракат алып, саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны-144 адам.   Каза болгондордун жалпы саны — 59 адам.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты