Кыргызстан өзүн үч гана азык менен камсыздай алат

  • 2 года мурун

Кыргызстан өзүн үч гана азык менен камсыздай алат. Картөшкө менен 123%, сүт менен 132% жана жашылча.

Бул тууралуу 7-февралда парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков айтты.

Анын сөзүнө караганда, социалдык маанилүү башка азык-түлүктүн көбү сырттан импорттолот.

“Өлкөгө азыктык буудай 45%, кумшекер 50% жетпей калды. Биз өзүбүз 20% жетпеген гана көлөмдө өсүмдүк майын, 55% жумуртканы өндүрөбүз. 2024-жылдары биз кумшекер жана азыктык буудай менен камсыздайбыз” деди Жаныбеков.

Кыргызстан ундун басымдуу бөлүгүн Казакстан менен Өзбекстандан алат.

Былтыр Кыргызстанда сугат суунун тартыштыгы жана аптаптуу ысыктан улам буудайдын дүң жыйымы 41,4%, арпанын түшүмү 58% кыскарган. Буга байланыштуу буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40% кымбаттаган.

Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн буудайды сыртка экспорттоого тыюу салып, өлкөгө буудай жана ун ташып кирүүгө кошумча нарк салыгын убактылуу алган.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 2022-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүү боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты