Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштайт   

  • 2 года мурун

Кыргызстан тарабынан тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо, алардын ири коалициясын түзүү, тоолуу региондордун көйгөйлөрүн чечүү, алардын өнүктүрүү фондун түптөө, тоолуу региондордо сооданы өнүктүрүү, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, туруктуу энергия менен камсыз кылуу жана заманбап технологиялар менен инновацияларды аларга жеткиликтүү кылуу жаатында бир катар программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга тийешелүү бир катар демилгелерди сунуштоо пландалып жатат.  

Бул тууралуу Садыр Жапаров 10-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммедди кабыл алуу  учурунда билдирди.

Ошондой эле мамлекет башчы өткөн жылы 16-декабрда Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы быйылкы жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялаган резолюцияны кабыл алганына токтолду.

Президент сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумасынын алкагында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешме өткөрүү пландалып жатканын белгиледи.

БУУ Башкы катчысынын орун басары Кыргызстандын улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги ишине канаатанганын билдирди.

“Биз сиздин туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча программаңызды толук колдойбуз. Биз сиздин өлкөнү өнүктүрүү боюнча бардык аракеттериңизди колдойбуз” деди ал.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты