Кыргызстан энергетика тармагына 50 млн доллар алып жатат

  • 1 год мурун

Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында “2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 50 млн АКШ доллары суммасында каржыланган «Электр энергииялык секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоору бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана энергияны эсепке алуу системасын санариптештирүү жолу менен электр энергетика секторунун финансылык жана операциялык туруктуулугун жакшыртууга багытталган.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Ибраев каржылоонун алдын ала шарттары тууралуу маалымат берди: “Кредит берүү мөөнөтү-38 жыл, жеңилдетилген мөөнөт -6 жыл; кредиттик каражаттарды пайдалангандык үчүн пайыздык чен-жылдык 0,75%; резервдөө үчүн максималдуу комиссиясы — жылдык 0,5%”, — деди.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков долбоордун ар бир этабында консультациялык кызмат көрсөтүү каралганын айтып, бул кызматтарын канча каражат болооруна кызыкты. Министр Таалайбек Ибраев бул кызмат көрсөтүү 4,2 млн сом болорун жана тренингдерге 400 миң сом кетээрин белгиледи.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты