Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкө деп табылды

  • 3 года мурун

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылды.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте Кыргызстан 97-орунга түштү. Аялдар үчүн өтө кооптуу өлкөлөрдүн катарында Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак бар.

Финляндия, Норвегия, Дания менен Люксембург аялдар үчүн эң коопсуз өлкөлөр деп табылган.

Аталган индекске 170 өлкөдөгү аялдардын абалы камтылган. Бул изилдөөнү Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Жоржтаун институтунун Гендердик маселелер, коопсуздук жана тынчтык борбору ишке ашырган.

Анткен менен президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн басма сөз жыйынында  Кыргызстанда гендердик тең салмактуулук бузулуп жатат дегенди четке каккан.

«Гендердик баланс боюнча Кыргызстанда коркунуч бар дегенден кудай сактасын. Аялдар ээн-эркин эле жүрөсүңөр. Каалаганыңарды кыласыңар, эч ким эч нерсе деген жок. Өкмөт курамында кемчиликтер бар эми. Аялдарды дагы тартабыз».

Учурда зордук-зомбулукка кабылган аялдар менен балдарга көрсөтүлө турган кызматтар менен жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча 200дөй милиция кызматкери окуудан өтүп жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп. Башкы прокуратуранын эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты