Кыргыз жарандары Англия фермаларында иштеп жатышат. Элчилер фермаларга барды

28-июлда Кыргыз Республикасынын Уулу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы элчиси Улан Жусупов жана Уулу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николас Боулер Уулу Британиянын өкмөтүнүн Seasonal Workers Programme аттуу программанын алкагында кыргыз жарандары иштеп жаткан Англиянын түштүгүндөгү бир катар фермаларды көрүү максатында барышты.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн элчилери Кыргызстандын жарандарынын жумушчу, тиричилик жана жашоо шарттары, ошондой эле коопсуздук эрежелерин сакталышы менен таанышып, түшүмдү жыйноо жана иреттөө жерлерин карап чыгышты.

Британиялык тарап Кыргызстандан келген жумушчулардын артыкчыктарын, алардын ичинде эмгекчилигин, жоопкерчилигин, адамдык сапаттарын жана миграциялык эрежелерди так сактагандыгын белгилешти.  

Мындан тышкары, эки өлкөнүн дипломаттары фермердик чарбалардын ээлери жана «Hops» британиялык оператору менен жолугушууларды өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча элчи Улан Жусупов Кыргыз Республикасынын жана Улуу Британиянын фермердик чарбаларынын ортосундагы кызматташтыкты түзүү, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, өндүрүүнү уюштуруу, сактоо, сорттоо жана таңгактоо боюнча британдык тажрыйбаны киргизүү боюнча долбоорду ишке ашырууну сунуштады.

Британия тарабы бул сунушту, сезондук жумушчулар боюнча атайын программанын алкагында К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин студенттери үчүн айыл чарба практикасын уюштуруу менен бирге карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Маалымат иретинде: Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилигинин көмөгү менен КРнын Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун  жана жана британиялык ARGI-HR, Proforce, “Fruitful” жана “Hops” операторлорунун ортосунда Улуу Британияда айыл чарба тармагында сезондук жумуштарга жарандарды уюшкан түрдө тартуу жана ишке орноштуруу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлган.

Аталган келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын 18 жаштан 46 жашка чейинки жарандарына Улуу Британиянын (Ирландия, Шотландия, Уэльс жана Англиянын) айыл чарба фермаларында келишимдер аяктагандан кийин Кыргыз Республикасына кайтып келүү милдети менен мүмкүнчүлүк түзүлүп берилди.

Улуу Британиянын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасы үчүн квотасынын саны эң көп, 2023-жылга карата 8 миң сезондук жумушчуну түзөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты