Кыргыз-тажик чек арасы: Чек арага канатташ аймак тургундары ортосунда чыр чыкты

  • 9 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 24-июлунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыккандыгын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын жарандары, Ак-Сай айылынын тургундары Д.Ж. жана Д.А. жеке автоунаада Ак-Сай — Көк-Таш жолунда бара жатышкан. Ушул эле убакта бул жол менен Тажикстандын жарандарына таандык сегиз автоунаадан турган колонна Ворух (ТР)  анклавынан Ходжаи-Аало айылына бараткан. 

Тажикстандын жарандары өздөрүнүн унаалары менен  Кыргызстандын жарандарынын автоунаасынын жолун кесишкен. Мунун кесепетинен Дача жергесинде  жогоруда аталган Кыргызстандын жарандары менен  Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыккан. 

Чыр-чатак күчөп  кетпеши үчүн  окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин  аймактык бөлүмүнүн кызматкери келген. Бирок ал кызматкер окуя орун алган жерге келгенде Тажикстан жарандары — Ходжаи-Аало  айылынын тургундары ага кол салышкан. Кыргызстандын ИИМнин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы айнегин сындырышкан.

Кыргызстандын Баткен тилкеси боюнча жана Тажикстандын Исфара тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын бардык күч түзүмдөр жана укук коргоо органдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдайды турукташтыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүшүүдө.

Архивдик сүрөт. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты