Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Сарыгул Чекиров дүйнөдөн өттү

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу Сарыгул Абакирович Чекиров бүгүн, 2-мартта,   87 жашка караган курагында дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Сарыгул Чекиров Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айылында 1936-жылы туулган. 1959-жылы ал Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган. 1958-жылы ага “СССР спортунун чебери” наамы ыйгарылган.

1959-жылдан 1964-жылга чейин ал Дене тарбия институтунда машыктыруучу мугалим болуп иштеген. 1964-жылы эркин күрөш боюнча Кыргыз ССРинин курама командасына жетекчилик кылган. СССР элдеринин Бүткүл союздук 1 жана 2-спартакиадаларына катышып, экөөндө тең чемпиондук наамды жеңип алган.

1964-1968-жылдарда Каракол педагогикалык институтунда машыктыруучу  мугалим болуп иштеген жана Ысык-Көл өрөөнүндө спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө жеке салымын кошкон.

1968-жылы кайрадан эркин күрөш боюнча республиканын курама командасын жетектөөгө чакыртылып алынган жана бул кызматта 1971-жылга чейин эмгектенген.

1971-жылдан бери республикалык спорт олимпиадасынын резерви окуу жайында улук машыктыруучу, методист, окуу жайдын директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, кийинки жылдары кайрадан машыктыруучу мугалим болуп иштеген.

Сарыгул Чекиров улуттук күрөш, грек-рим күрөшү. эркин күрөш боюнча  Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону. 1990-жылы спорттун бул түрүнө салымы үчүн ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу, ал эми 2000-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардак наамдары ыйгарылган.  

 Сарыгул Чекировдун сөөгү эртең, Кемин районундагы Чым-Коргон айылында жерге берилет.  

Сүрөттө: Сарыгул Чекиров. Спутник

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты