Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев дүйнөдөн кайтты

  • 10 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү театр сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев 86 жаш курагында  дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Макен Сыдыкбаев 1937-жылы Ысык- Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айлында туулган.

1958-жылы. С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, ал эми 1964-жылы В. И. Суриков атындагы Москва мамлекеттик академиялык көркөм сүрөт институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1964-жылдан тартып Мамлекеттик орус драма театрында сүрөтчү-коюучу болуп иштөөдөн баштаган.

1969-1994 –жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик драма театрында сүрөтчү-коюучу, башкы сүрөтчү, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера балет театрында сүрөтчү- коюучу, башкы сүрөтчү, 1967-1975-жылдар аралыгында С. Чуйков атындагы көркөм окуу жайында жана 1994-жылы И. Арабаев атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинде мугалим болуп иштеген.

Ал «Кызыл жоолук жалжалым» (Ч. Айтматов), «Эжелүү-сиңдилүүлөр» (А. П. Чехов), «Манастын уулу Семетей», «Айкөл Манас», «Сейтек» (Ж. Садыков), «Ак боз ат» (Ш. Садыбакасов), «Төрт адам» (М. Байжиев), «Алтын кыз» (В. А. Власов), «Кармен» (Ж. Визе), «Курманбек» (Н. Давлесов), «Отелло» (Ж. Верди) жана башка көптөгөн спектаклдерди көркөмдөгөн. «Заводдун короосунда», «Жаандан кийин», «Күз», А. Малдыбаевдин портреттери жана башка живопистик эмгектери бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты