Кыргыз эл акыны Омор Султанов дүйнө салды

  • 2 года мурун

Кыргыз эл акыны Омор Султанов 87 жаш курагында дүйнө салды.

Бул тууралуу Тосор айылдык коомунун башчысы Тыныбек Жукешов «Азаттыкка» кабарлады.

Акын, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган.

Омор Султанов — ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон. Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болгон, «Жаңы Ала-Тоо» журналын негиздегендердин бири.
«Тоо күндөрү», «Жылдыздуу түндөр», «Отузунчу станция», «Аэропанорама», «Чарчоонун жүзүнчү ыры» жана башка ондогон ыр жыйнактарынын, “Ак жол, көк асман”, «Улуу дайра», «Мухитке жол», “Жан берели сүйүүгө” жана башка очерк, аңгеме, повесть жыйнактарынын, романдын автору болгон.

Жакындарынын айтымында, акындын сөөгү 5-апрелде жерге берилет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты