Кыргыз Эл акыны Омор Султановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Эл акыны, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Акынды узатууга келип сүйлөгөн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаровдун атынан көңүл айтты.

Маркумду жайга өзү жазган «Ак булуттар» ыры менен узатышты. Анын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.
Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. Ал 3-апрелде 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты