Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти

  • 2 месяца мурун

Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен өз ыктыяры менен кетти.

Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын сайтында жазылды.  

Маалыматта 2-июлда Көкбөрү федерациясынын кезексиз жыйыны өткөнү, күн тартибинде кыргызстандык делегациянын Астана шаарындагы акыркы сүйлөшүүлөрү талкууланганы айтылат.  

“Көк бөрү федерациясынын эксперти Рамис Кудайбергенов Казакстандагы сүйлөшүүлөрдөн соң, Көкбөрү федерациясында даярдык иштери кечеңдеп жатканы боюнча федерациянын президенти Курманкул Зулушев менен сүйлөшкөнүн, анын жыйынтыгында ишти тез арада ордунан жылдырууга кошумча адистер керектигине токтолгонун билдирди. Бул сунушту туура деп тапкан Курманкул Зулушев, көкбөрү федерациясынын жетекчилигине жаш, энергиялуу жетекчи керектигине ынанып, кызматын өткөрүп берүү чечимин кабыл алгандыгын башкармалыктын жыйынында Р. Кудайбергенов айтып өттү. Бул маселе боюнча Курманкул Зулушев федерациянын жетекчилигине Айбек Абылкасымовдун талапкерлигин колдоого алаарын билдирген” деп айтылат маалыматта.

Көкбөрү федерациянын башкармалыгынын жүрүшүндө, Айбек Абылкасымовдун талапкерлигин жыйын катышуучулары да кароого алып, бир добуштан колдоого алышты. Натыйжада А.Абылкасымовдун талапкерлиги 17-июль күнү боло турчу Көкбөрү федерациясынын конферециясында башкармалыктын атынанан сунушталмай болду. Ал эми конференцияга чейин көкбөрү федерациясынын президентининин милдетинин федерациянын уставына ылайык биринчи вице-президент Нурлан Максутов аткарат.

Курманкул Зулушев 5-июнда президенттин жарлыгы менен кызматынан бошотулган . Асаналиев Максат 5-июнда башкы прокурор болуп дайындалды.

Сүрөттө: Курманкул Зулушев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты