Көк бөрүнүн финалдык оюндары Нооруз күнү жыйынтыкталат
- 1 месяц мурун
Бишкекте “Ак-Кула” ат майданында көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” Республикалык мелдешинин алкагында жогорку, биринчи жана ардагерлер лигасынын оюндары өтүп жатат.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Мелдеш төрт лигага бөлүнүп өтүүдө. Алар: — Жогорку лига (6 команда), Биринчи лига (12 команда), — Экинчи лига (16 команда), Ардагерлер лигасы (6 команда).
Турнирдин алгачкы күнү, 12-мартта, экинчи лиганын оюндары менен башталган. Ал жакта 16 команда төрт тайпага бөлүнүп, оюн көрсөтүштү. 15-марттан тарта Жогорку, биринчи жана ардагерлер лигасынын оюндары өтүп жатат. Ал эми финалдык оюндар 21-март күнү Бишкектин чет жагында салынып жаткан жаңы ипподромдо өтөт.
Сүрөт: Маданият министрлининин басма сөз кызматы