Коомдук жана маданият ишмерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бир катар мамлекеттик-коомдук ишмерлерди, маданият, билим берүү тармагынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Кыргыз Эл артистти наамы Бегайым Жайчиевага, Турусбек Жумалиевге, Алымкул Исаковго, Кайымбек Кускаковго, Кулбара Маматова, Александра Марусичке, Гүлшан Молдоевага, Исабек Муратовго, Асылбек Өзүбековго, Реджабай Тажибаевге, Жолдош Эркимбаевге ыйгарылды.

II даражадагы “Манас” ордени менен композитор Сардарбек Жумалиев, скульптор Виктор Шестопал, III даражадагы “Манас” ордени менен жазуучу Мелис Абакиров, генерал-майор Шейшенбек Байзаков, академик Алтай Бөрүбаев, генерал-майор Кубатбек Кожоналиев, профессор Мамбетакун Намазбеков, генерал-полковник Мырзакан Субанов сыйланды.

«Данакер» ордени менен академик Абдылдажан Акматалиев, «Даңк» ордени менен Кубанычбек Абдраков, Дамира Дөөлөталиева, Кубанычбек Козубеков, Болотбек Малдыбаев, Марат Сагымбаев, Гүлшайыр Садыбакасова, Геннадий Сироткин сыйланган.

Кыргызстандын Ооганстандагы элчилигинин чарба башчысы – айдоочусу Нурлан Орузбаев Эрдик медалы менен сыйланды.

Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгондордун толук тизмеси менен бул жерден тааныша аласыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты