КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдар жетекчилеринин жолугушуусу Бишкекте өтүүдө

  • 2 месяца мурун

Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 54-жыйыны өтүп жатат. Президент Садыр Жапаров КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин сайтынды маалымат берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров коопсуздук тармагындагы терроризм жана экстремизмдин курч көйгөйүн айтты.

Мамлекет башчы мындай шарттарда Кеңештин чечимдери КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуунун ачкычы экенин баса белгиледи.

Жыйынга төрагалык кылган Россия Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү иш-чаранын негизги темасы — КМШ өлкөлөрүнүн жана дүйнөнүн башка аймактарынын туруктуулугуна жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурган — эл аралык терроризмге каршы туруу экенин билдирди. 

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты