Өкмөт кризиске каршы чаралар планын иштеп чыкты

  • 2 года мурун

Өкмөт кризиске каршы чаралар планын иштеп чыкты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин бүгүн, 24-марттагы, отурумунда белгилүү болду.

Анда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, негизги товарлардын баасын турукташтыруу чаралары, калкты социалдык жактан колдоо, ишке орноштуруу, каржылык жана бюджеттик туруктуулукту камсыз кылуу, ишкерлерге колдоо көрсөтүү, инвестиция тартуу, товар жүгүртүү боюнча чаралар каралууда.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бул планды ишке ашыруу үчүн бюджеттен 126 миллиард сом талап кылынарын билдирди.

24-февралда Орусия Украинага кол салган күндөн тартып Кыргызстанда доллар кескин кымбаттап, аны менен кошо негизги азык-түлүктүн жана товарлардын баасы жогорулап кетти.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты