ӨКМ: Шамалдын кесепетинен 154 объект жабыркаган  

  • 4 недели мурун

Бишкек, Чүй жанга Талас башкармалыктарынан бүгүн, 29-мартта, саат 8:30га карата алынган маалымат боюнча 10 адам жабыркап, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш, негизинен шамал жүргөн аймактарда жалпысынан 154 объектке зыянын тийгизген.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Бишкек шаары боюнча 66 объект жабыркаса, анын 26сы социалдык мекеме, 36сы турак үй, 4ү чарбалык курулуш болгон.

Ал эми Чүй облусунда 42 социалдык объект жана 42 турак үй, жалпысынан 84 объекттин чатырын учурган.

Табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.

ӨКМге караштуу Гидромет кызматынын маалыматы ылайык, Бишкек жана Чуй облусунун аймагында саат 16:15тен саат 16:45ке чейин ылдамдыгы 26 метрге секундуна жеткен шамал катталган.  

Кечээ, 28-мартта, катуу шамал жүргөн аймактарда материалык чыгымдар жана жабыркагандар болгон.

28-мартта Бишкекте жана Чүй облусунун аймагына «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди.

ӨКМ: Шамалдын кесепетинен 154 объект жабыркаган  
ӨКМ: Шамалдын кесепетинен 154 объект жабыркаган  

Сүрөттөр: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты