ӨКМ: Ош облусунда жер титирөөдө жабыркаган үйлөр, соцобъектилер аныкталды
- 6 дней мурун
Ош облусунда кечээ, 12-мартта катталган жер титирөөнүн кесепетинен жалпы 25 турак үй, 12 мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарылоо жайы жабыркаган. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги( ӨКМ) билдирди.
ӨКМ райондор боюча жабыркаган үйлөрдүн жана социалдык объекттерди тизмектеди.
Алар:
Алай району боюнча: 13 турак үй;
— анын ичинен 1 турак үй кооптуу.
Жаңы-Алай айылында турак үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болгон.
Жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, турак үйлөрдөгү эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгондугун аныкташып, акт түзүлгөн. 7 турак үй камсыздандыруудан өткөн, 6 турак үй камсыздандыруудан өткөн эмес.
Ал эми Кара-Суу району боюнча:
— 12 мектеп;
— 12 турак үй;
— 1 бала бакча;
— 1 үй-бүлөлүк дарылоо жайы.
Жоош айыл аймагынан:
— 7 мектеп;
— 1 бала бакча;
— 1 турак үйдүн,
Ала-Тоо айыл аймагынан 1 мектептин;
Датка айыл аймагынан 3 мектептин;
Мады айыл аймагынан 7 турак үй, 1 үй бүлөлүк дарылоо жайы;
Савай айыл аймагынан 1 мектеп, 3 турак үй;
Баш-Булак айыл аймагынан 1 турак үйдүн дубалында жаракалар пайда болгон.
Жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, турак үйлөрдөгү эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгондугун аныкташып, акт түзүлгөн. 4 турак үй камсыздандыруудан өткөн, калган үйлөр камсыздандыруудан өткөн эмес.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-мартта саат 09:11де Ош шаарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Шарк айылынан 2 км батышта, Кызыл-Кыштак айылынан 3км түндүк-батышта, Ош шаарынан 3 км түндүктө, Нариман айылынан 4 км түндүк-батышта, Кыргыз-Чек айылынан 5 км түндүк-батышта, Кашкар айылынан 7 км түштүк-батышта, Кара-Суу айылынан 16 км түштүк-батышта. Жер титирөөнүн очогу Ош шаарында, Сулайман-Тоодон 2,5 км жерде болгон.
Жер титирөө Ошто 5 балл, Шарк, Таштак, Кызыл-Кыштак, Нариман, Кыргыз-Чек айылдарында 5 баллга жакын, Кара-Суу айылында 4 баллга чейин сезилген.
Сүрөт: ӨКМ