Клиникалык тез жардам ооруканасы кайра каттоодон өттү

  • 2 года мурун

Бишкектеги Клиникалык тез жардам ооруканасы юстиция органдарынан кайрадан каттоодон өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Оорукананын башкы дарыгери Памир Муратовдун айтымында, оорукананын атын өзгөртүү боюнча юридикалык маселелер чечилди.

«Кийинки кадам кардиология, неврология сыяктуу жаңы бөлүмдөрдү уюштуруу жана ачуу болмокчу. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте каржы маселелерини үстүндө иштеп жатабыз», — деп билдирди Памир Муратов.

Белгилей кетсек, 4-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиевдин буйругу менен Бишкек травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөргөн. Борбордун директору Сабырбек Жумабеков кызматынан бошотулуп, директор кызматы жоюлган.

Клиникалык тез жардам ооруканасын башкы дарыгер Памир Муратов жетектейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты