Китептин бет ачары: Вилли Брандт. «Тандалма сөздөр жана макалалар»

  • 2 года мурун

Эртең 21-сентябрда Улуттук Тарых музейинин конферец-залында саат 14:00 “Вилли Брандт. Тандалма сөздөр жана макалалар” китебинин бет ачары болот.

Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Иш-чарага эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР өкмөтүнүн, академиялык уюмдардын, өнүгүү институттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышшат.

“Вилли Брандт. Тандалма сөздөр жана макалалар” китеби кыргыз тилинде саясий адабиятты жайылтуу, социалисттик интернационалдын мурунку президенти, эл аралык жумушчу кыймылынын көрүнүктүү ишмери, дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын лауреаты В. Брандттын тандалма сөздөрү жана макалаларын жайылтуу максатында жарык көрдү.

Вилли Брандт өрнөктүү өмүр сүргөн. Анын ой-толгоолору жана ынанымы ушунчалык терең-алар толугу менен гумандуулуктун жана тынчтыктын идеяларына негизделген, ички дүйнөсүнүн чордонун эркиндик, акыйкаттык жана кызматташтык баалуулуктары түзгөн, ал аз өмүрүн мына ушул баалуулуктарды турмуш чындыгына айлантууга арнаган. Вилли Брандттын эмгектери кыргыз тилине алгачкы жолу которулуп жарыкка чыгып жатат.

Китеп Германиянын Фридрих Эберт атындагы фондунун көмөгү жана Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн алкагында басылды. Китеп саясат таануучуларга, тарыхчыларга, жогорку окуу жайлардын докторанттарына, магистранттарына жана студенттерине, ошондой эле жалпы окурмандарга арналат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты