Кемпир-Абад иши: Жогорку сот ишти кароонун кечеңдешинин себебин түшүндүрдү

  • 8 месяцев мурун

Жогорку соттун басма сөз кызматы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун билдирүүсүнө шилтеме кылып, Кемпир-Абад иши боюнча соттун кечеңдеп жаткан себебин билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Кемпир-Абад боюнча айыпталып жаткандардын иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна 2023-жылдын 15-июнунда түшкөн.  

Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 19-июнундагы токтому менен иш өндүрүшкө алынып, алдын ала угуу 22-июнга белгиленген. Алдын ала угуунун жыйынтыгы менен соттук иш 2023-жылдын 7-июлуна саат 14кө белгиленген.

Бирок айыпталуучулардын айрымдарынын адвокаттарынан аппеляциялык арыз келип төшкөндүгүнө байланыштуу, 4-июлда кылмыш иши Бишкек шаардык сотуна жиберилген. 4-августта кылмыш иши Бишкек шаардык сотунан келген жана сот иши 14-августка саат 10:00гө белгиленген.

14-августка белгиленген соттук отурумга Б.А.А., (Бекназаров Азимбек Анаркулович-ред) ден соолугуна байланыштуу СИЗО-1 мекемесинен сотко алынып келинген эмес. Ошол себептен сот иши 21-августка саат 10:00гө жылдырылган.

21-августтга сот отурумуна үч айыпталуучунун адвокаттары кылмыш иши менен толук тааныша электигине байланыштуу келишкен эмес.

Үч айыпталуучунун адвокаттары келбегендигине жана айыпталуучулар кылмыш ишинин материалдары менен толук тааныша электигине байланыштуу сот иши 5-сентябрга саат 10:00 гө жылдырылган.  

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жогорудагы жагдайларды эске алуу менен, кылмыш ишине айыпталып жаткандарды коомчулукка туура маалымат жеткирип, кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарын сактоого чакырды.    

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандар ачкачылык жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Биринчи Май райондук сотундагы отурумда камактагы саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди.

Ал тергөөнүн материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтты.

“Биз мындай мыйзамсыз процесстерге катышпайбыз. Эртеңден баштап мөөнөтсүз ачкачылык жарыялайбыз. Президентке, Жогорку Кеңешке, эл аралыкка уюмдарга кайрылабыз. Ачкачылык жарыялагандан башка аргабыз калган жок. Абактагылардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөр сотто күн тартибине киргизилген жок.  Иштин материалдары менен таанышуу тартиби аныкталган жок. Сот жабык өтөт деген чечим жок”, – деди Азимбек Бекназаров.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты