Кемпир-Абад иши: Илгиз Шаменов соттон күч менен чыгарылды

Бүгүн, 27-мартта, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпио-Абад иши боюнча шектелип абакта жаткан активист  Илгиз Шаменов сот залынан күч менен чыгарылды.

Бул тууралуу оппозициялык саясатчы, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан Равшан Жээнбековдун Фейсбук баракчасында жазылды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу 25-октябрда үй камагына алынган. Камакта жаткан Орозайым Нарматова 2023-жылы январь айында үй камагына чыккан. Эмил Жайчиев камакка алынган-алынбаганы тууралуу маалымат жок. Алардын иши кыскартылганы тууралуу укук коргоо органдары комментарий бере элек.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты