Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум 22-ноябрга жылдырылды

  • 8 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум 22-ноябрга жылдырылды.

Маалыматка ылайык, буга камакка алынгандар сотко алып келинбегени себеп болгон.

Бүгүн, 15-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум белгиленген.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2023-жылы 4-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын баш коргоо чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы бир айга, 4-декабрга чейин узарткан.

Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда соттук процесс болбой калды. Сот 4-октябрга жылдырылган. Залда аудио жана видео жазуууулар иштебей калганынан, сот өтпөй калган.

Айыпталуучулар мурдагы процесстин алдында ачык өтүшүн талап кылышып, алар сот залынан чыгарылган болчу.

4-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад маселеси боюнча соттук териштирүүгө абакта жаткан айыпталуучулар же 11 киши сот процессине алынып келинген эмес. Адвокаттардын айтымында, судья аларды сот иши аяктаганга чейин катышуудан четтеткен.
18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сот процессине үй камагындагы айыпталуучулар, адвокаттар гана келген, камакта жаткандар алынып келинген эмес. Айыптоочу тарап, айыпталуучулардын бардыгы сотко катышышы керек деген негизде, процессти улантууга болбой турганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты