УКМК: «Равшан Жээнбековдун кыйноо, куугунтук уюштурулду деген билдирүүсү жалган»

  • 8 месяцев мурун

Саясатчы Равшан Жээнбековдун УКМК тарабынан кыйноо жана куугунтуктоо уюштурулду делген боюнча билдирүүсүн «жалган». Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жээнбековго карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда, саясатчы Жээнбеков Жазаларды аткаруу кызматыынын №1 тергөө камак жайында камакта. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстанда чыр-чатакка жана башаламандыкка багытталган мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандар үчүн тиешелүү жоопкерчиликтер каралгандыгы боюнча кайрадан эскертүүгө мажбур болууда», — деп жазылат маалыматта.

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков түрмөдө ага карата кыйноо жана куугунтук болуп жатканын Фейсбуктагы жеке баракчасына жазган. Саясатчы эл аралык уюмдарга, омбудсменге, Кыйноолорго каршы улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты