Кеминде менчиктештирилген химия-металлургиялык комбинатынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды
- 2 года мурун
Чүй облусунун Кемин районунда мыйзамсыз менчиктештирилген Кыргызстандын химия-металлургиялык комбинатынын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2002-жылы аталган завод «Талер-Сан» ЖЧКсы тарабынан башкы директору Э.А. 100 сом суммадагы акча каражатына символикалык түрдө мыйзамсыз менчиктештирген.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кемин районунун Орловка шаарында жайгашкан аянты 6066 чарчы метр жана ага чектеш 2 гектар жердеги КХМЗнын 5-цехи өздөрүнүн ыктыярдуу түрүндө Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарынын балансына өткөрүлүп берилди.
Муну бөлүшүү




