Кемин-Сити шаарын куруу боюнча жарлыкка кол коюлду
- 2 месяца мурун
Садыр Жапаров Чүй облусунун Кемин районунун аймагында экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө жарлыкка кол койду.
Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагында аянты 353,3 га экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу долбоорун ишке ашырууга киришүү жагы каралган.
Кемин районунун мамлекеттик администрациясы Кемин-Сити шаарынын курулушун ишке ашырууда бирдиктүү заказчы болуп аныкталмакчы.
Министрлер кабинети 1-июнга чейин Кемин-Сити шаарын куруу концепциясын иштеп чыксын жана бекитсин, Кемин-Сити шаарын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн жана тиешелүү инвестициялык макулдашууга кол койсун, ушул жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын деген ж.б. тапшырмалар берилди.
Буга чейин Чүй облусунун Кемин районунда убагында ЖКнын мурдагы депутаты М.Н.К. менчикке мыйзамсыз чыгарып алган деп айтылган, жакында мамлекетке кайтарылган 353,3 га жер тилкесинде мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде жарандарга берүү максатында турак үйлөрдү курары айтылган. Бул тууралуу чечимди президент Садыр Жапаров кабыл алганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов Фейсбук баракчасында билдирди.
“Турак үйлөр 9 кабаттан болот. Болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөгө батир берилет. Мамлекетке кайтарылган бул жер тилкеси мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт. Тийиштүү чечимди мамлекет башчы Садыр Жапаров кабыл алды. Компания курулуш иштерине 2025-жылдын март-апрелинде киришет. Турак-жайлар жарандарга 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет” деп жазды Алакөзов.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун Кемин районунда жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен 353,3 га жер мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирген.
353, 3 гектар ал жер Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Нурланбек Кадыкеевич Макеевге таандык болгону айтылууда, ал 2018-жылы каза болуп калган, анын жесири мамлекетке өткөрүп берүүгө макул болгон.
УКМК басма сөз кызматы тараткан сүрөт.