Кемин райондук салык кызматкерлери 200 миң сом пара менен колго түштү


200 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Чуй облусунун Кемин районунун мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

28-августта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында оперативдүү-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 200 миң сом пара алып жаткан учурда Кемин районунун салык кызматынын контролдоо жана карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Ж., ошондой эле аталган бөлүмдүн инспектору С.А.Т. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты