Кедейчиликти жоюунун жаңы модели ишке киргизилүүдө

  • 2 года мурун

Кыргызстанда кедейчиликти жоюунун жаңы модели ишке киргизилип жатат.

Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Кудайберген Базарбаев муктаждарга жардам берүүнүн “Эмгек үчүн — азык-түлүк” аттуу модели дүйнө жүзү боюнча колдонулуп келгендигин белгиледи. Бул БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биздин мамлекеттеги кеңсесинин ишинин жыйынтыгы экени белгиленди.

“Бул программа Кыргызстанда натыйжалуулугун көрсөттү. Мындан ары БУУнун азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен бирдикте кедейчиликтен арылуунун ушул түрү менен иштейбиз” деди Базарбаев БУУНун азык-түлүк программасынын бул өлкөдөгү директорунун милдетин аткаруучу Рам Сараванамутт менен жолугушууда..

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба жумуштарына (жашылча-жемиш, бак, балык,  токой өстүрүү, жем чыгаруу, азык-түлүктү кайра иштетүү сыяктуу) киреше алып келүүчү тармактарга социалдык коргоого муктаж жарандарды тартуу иштери тууралуу сөз жүрдү.  

Бул үчүн аларды окутуу боюнча  68 курс киргизилди.  

БУУнун азык-түлүк программасы фермерлерге чакан бизнес ачууга, мисалы азык-түлүк продукциясын кайра иштетүү боюнча да жардам берет.     

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты