Казанда басма сөз эркиндиги үчүн пикетке чыккандар Алсу Курмашевага колдоосун билдиришти

  • 8 месяцев мурун

Жекшемби күнү Татарстандын борбору Казан шаарында басма сөз эркиндигин жактаган жана журналисттерди куугунтуктоого каршы пикет өттү. Анын катышуучулары «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр редакциясынын камактагы журналисти Алсу Курмашевага колдоосун билдиришти.

Быйыл октябрдын ортосунан бери тергөө абагында отурган журналист «чет элдик агент» катары катталбаганы үчүн айыпталууда. Буга чейин Орусияда бул берене менен кылмыш иши козголо элек болчу.

Казань шаарында акцияга чыккандар иш үстүндө каза тапкан жана куугунтукталган журналисттердин ысымдары жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

«7х7. Горизонтальная Россия» басылмасы маалымдагандай, полиция кызматкерлери Курмашеванын аты жазылган плакатты алып салууну талап кылып, ал «митингдин темасына дал келбей турганын» айтышкан. Андан кийин көзү журналисттердин ысымдарын боеп салууну сунуш кылып, пикет каза тапкан журналисттерге арналат деп макулдашылганын билдиришти.

Өткөң жумада Казань шаарынын Совет райондук соту «Курмашеванын биринчи иши», тактап айтканда кош жарандуулугу боюнча доо арызын четке каккан.

Буга чейин сот журналистке АКШ жарандыгын алганы жөнүндө орус бийлигине эскерткен эмес деген кине менен он миң рубль айып пул салган. Адвокат журналист 1998-жылдан бери туруктуу чет өлкөдө жашарын жүйө келтирип, сотко доо арыз менен кайрылган.

Курмашева ага каршы ачылган экинчи кылмыш иш боюнча 18-октябрдан бери убактылуу кармоочу жайда отурат. Ал «чет өлкөлүк агенттердин тизмесине катталган эмес» деп айыпталууда. Өткөн жумада сот журналисттин камактагы мөөнөтүн 4-февралга чейин узарткан.

Радионун татар-башкыр кызматында 25 жылдан ашуун эмгектенип келген, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда аны Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең алып коюшкан. Ал — Орусиянын жана АКШнын жараны.

Курмашева өзүнө тагылган айыпты четке кагууда. «Эркин Европа/Азаттык» радиосу Курмашеванын кармалышын кескин айыптаган.

Бир катар эл аралык уюмдар аны дароо бошотууну талап кылган. Мындай чакырыктарды БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынан тышкы иштер боюнча комитети да жасаган.

Сүрөт: SOTA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты