Казакстандын Башкы прокуратурасы январь окуяларында каза болгондордун тизмесин берүүдөн баш тартты

  • 2 года мурун

Казакстандын Башкы прокуратурасы укук коргоочуларга январь окуяларында каза болгондордун тизмесин берүүдөн баш тартты. Мекеме мындай чечимин «тергөөнүн сыры» менен түшүндүрдү.

Башкы прокуратуранын жообун «Ар.Рух.Хак» фондунун башчысы Бахытжан Торегожина 8-февралда «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

«Буга чейин Башкы прокуратура январь окуяларында жалпысынан 225 киши каза болгонун билдирген. Кылмыш-процессуалдык кодекстин 201-беренесине ылайык, азыр каза болгондор тууралуу башка маалыматтарды жарыялоого болбойт», — деп жазылган мекеменин Кылмыш иликтөө кызматынын башчысы кол койгон жоопто.https://www.facebook.com/plugins/post.php?href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Ftoregozhina%2Fposts%2F5157052194307324&show_text=true&width=500

Расмий маалыматтар боюнча, январь окуяларында 227 киши (дагы эки адамдын өлүмү тууралуу кийинчерээк Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган), анын ичинде 19 күч түзүм кызматкери каза болгон. Бийлик алардын аты-жөнүн жарыялай элек, бирок көз жумгандардын айрымдары «куралдуу согушкерлер» болгонун билдирип келет.

Январь окуяларында каза болгондор тууралуу маалыматтарды топтоп жаткан «Ар.Рух.Хак» фонду менен жарандык активисттер буга чейин 5-7-январь күндөрү өлкөнүн түрдүү аймактарында өлгөн 173 кишинин аты-жөнү такталганын билдиришкен.

«Тынчтык мезгилде 227 кишинин өлүшү бул чоң сан. Канча киши каза болгону жана алардын ким экени кыркылыгын өткөргөндөн кийин белгилүү болот болушу керек», — деди Торегожина.

Буга чейин активисттер менен укук коргоочулар бир канча жолу бийликти каза болгондордун тизмесин жарыялоого чакырышкан. Бирок бийлик тараптан эч кандай реакция болбой келген.

Укук коргоо уюмдары январь окуяларында көз жумгандар расмий айтылгандан кыйла көп болушу мүмкүн экенин билдиришүүдө. Алар күч түзүм кызматкерлеринин колунан каза болгондордун арасында тынч митингдин катышуучулары жана нааразылык акцияларга эч кандай тиешеси жок адамдар бар экенин ырастаган көптөгөн далилдерди келтирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты